Казакстандын Atameken Business телеканалындагы жаңылыктарды виртуалдык диктор алып барып баштады. Ал Борбор Азиядагы биринчи виртуалдык алып баруучу болду. Бул тууралуу Atameken Business медиахолдинги маалымдады.
i-Sanj деп аталган голограмма казакстандык актёр Санжар Мадинин көчүрмөсү, ал эми күндөлүк экономика жаңылыктарын алып барат.
Virtual Startup долбоорунун үстүндө иштеген топ, бул контентти технологиялык персонаждар алып барышы керектигин белгилейт. Проекттин өзгөчөлүгү интеллектуалдык контент менен жаңы технологиянын айкалышында.
Белгилеп өткөндөй, i-Sanj кибер-башкаруучу жаңылыктарды бат жана катасыз чагылдыруудагы жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Ал эс алууну, маяна жана гримди талап кылбайт, ошондой эле үзгүлтүксүз иштей алат.
Каналдын продюсери белгилегендей, виртуалдык жаңы дикторлор автордук программаларды алып баргандардын ордун баса албайт. Долбоор жергиликтүү программисттердин жардамы менен нейрондук байланышты колдонуу аркылуу ишке ашырылган.