Ысык-Көл облусунун аймагында «Бирдиктүү алдын алуу күнү» профилактикалык иш-чарасынын алкагында, милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштын алдын алуу жана анын бетин ачуу, ошондой эле укук бузууларга түрткү болгон себептерин жана шарттарын аныктоо боюнча бир катар аракеттер ишке ашырылды.
Аталган иш чаранын жүрүшүндө Бает айылынын 59 жаштагы тургуну Б.Белектин үйүнөн мыйзамсыз сактап жүргөн «ТОЗ-63» үлгүсүндөгү 16-калибрдеги сайсыз ок атуучу курал жана 13 даана «Калашников» автоматынын 5,45 мм октору табылып алынды.
Аталган факты Ысык-Көл РИИБдин КЖБРне катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 253-беренеси менен сотко чейинки өндүрүш иши башталды.
Жалпысынан облус боюнча мыйзамсыз сакталган сайсыз 6 ок атуучу куралдар, 9 даана «Макаров» тапанчасынын, 13 даана «Калашников» автоматынын жана 2 даана 7,62 мм октор алынды.