Арстан Алайга ачылган кылмыш иши токтотулду

Автор -

Коомдук ишмер Арстан Алайга карата ачылган сотко чейинки өндүрүш иши токтотулду. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынан билдиришти.

«КР Жазык-процесстик кодексинин 26-беренесине ылайык, иш боюнча өндүрүштү жокко чыгаруучу жагдайлардын негизинде Арстан Алайдын иши токтотулду. Тагыраагы, берененин 2-пунктунда жазылгандай «жарандын жосундарында кылмыштын курамы же жоруктун курамы» болгон эмес. Мына ушул жагдайларды эске алуу менен өндүрүш ишин жаптык», — дешти маалымат кызматынан.

Маалым болгондой, буга чейин 2019-жылы Арстан Алайдын «Кудаймын» деген сөзү боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Анда Биринчи май РИИБи бул фактыны Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 313-берене «расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты козутуу» беренеси менен каттап, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Териштирүү иштеринде диний жана лингвистикалык экспертиза дайындалган.

Бөлүшүү