Айсулуу Тыныбекова Азия чемпионатында «алтындан» кол жууду

Автор -

Индиянын Нью-Дели шаарында өтүп жаткан Күрөш боюнча Азия чемпиондугунда эркин күрөш боюнча 62 килограмм салмакта «»катышып жаткан Айсулуу Тыныбекова  күчтүү делген япониялык балбан кызга жеңилип калды. Айсулуу Тыныбекова 1:1 эсеби менен келе жатып, мелдеш бүтөөрүнө 10 секунд калганда япониялык балбан кыздын жасаган ыкмасынан улам жеңилип калды. Жыйынтыгында 6:1 эсебинде япониялык балбан кыз жеңишке ээ болду.

Айсулуу Тыныбекованы жеңген япониялык балбан кыз Юкако Каваи мелдештин финалына чыкса, Айсулуу Тыныбекова коло байге үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алат.

Бөлүшүү