Сот Кулматовго Москвадагы кары ата-энесине жолугуп келүүгө уруксат берген жок

Автор -

Бишкек шаардык соту мурдагы мэр Кубанычбек Кулматовдун жактоочусунун эки өтүнүчүн канааттандыруудан баш тартты. Бул тууралуу анын жактоочусу Сергей Слесаревге таянып, «Азаттык» жазды.

Адвокаттын айтымында, Кулматовго Москвадагы 90го чамалап калган ата-энеси менен жолугуп келүүгө жана банктык картасын иштетүүгө уруксат берүү өтүнүчү келтирилген.

«Карта дагы бир эле эсеп боюнча болчу. Бир аз акча бар экен. Баш тартып коюшту. Ал эми ата-энесин ал абакка камалганга чейин эки жыл, тергөө абагында отурган эки жыл көргөн жок. Мен муну адамгерчиликсиз мамиле деп эсептейм. Кийинки сот отурумуна чейин барып келсе жетишмек», -деди Слесарев.

Бүгүнкү отурумда жабыркаган тарапка сөз берилмек. Бирок, адвокаттын айтымында, алар даяр эместигин айткан соң сот кийинки жума, 28-февралга калды. Буга чейинки отурумга жабыркаган тарап келбей калган.

Бөлүшүү