Футболчу кыз чыгарып алган томугун муштап киргизди (видео)

Автор -
429

Шотландиялык футбол командасынын оюнчусу беттеш учурунда каармандыгын көрсөттү.  Ал атаандаш команданын оюнчусу менен кагыша кеткенде чыгып кеткен тизесинин томугун муштап жатып киргизип алган. Бул тууралуу Eurosport жазды.

Каарман кыздын «Сент-Миррен» кыз-келиндердин футбол боюнча командасынын капитаны Жейн О»Тул экени анык болду.

Жагымсыз кырдаал «Сент-Миррен» менен «Инвернесс» командаларынын беттешүү учурунда жаралган. Окуянын тасмасы YouTube каналына жарыяланды.

«Биздин капитан  —  күчтүү аялзаты. Аны сындыра албайсыңар, мындай учурда да ал 90 мүнөттүн аягына чейин ойноду», — деп жазган «Сент-Миррен» командасынын өкүлү.

Капитаны кайратынан жазбай аягына чейин ойногону менен «Инвернесске» 0:7 эсебинде утулуп калган.

 

Бөлүшүү