Былтыр мамлекетке 3 млрд 489 млн 607 миң сом зыян келтирилген

Автор -

Былтыр мамлекетке 3 млрд 489 млн 607 миң сом зыян келтирилген. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Мекеменин маалыматына караганда, бул 2018-жылкы көрсөткүчкө караганда 1,2 млрд сомго көп. Мурдагы жылы мамлекеттик казына 2 млрд 245 млн 152 миң сомго зыян тарткан.

2019-жылы мамлекеттик казынага 1 млрд 308 млн 296 миң сом кайтарылган. Мунун ичинде мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы орун басары Райым Матраимовдун мамлекеттик казынага кайтарган акчасы эсептелгени белгисиз.

Жалпысынан өткөн жылы 491 млн 705 миң сомдук мүлк камакка алынган.

Бөлүшүү