Кадамжайда аял бычак жеп ооруканага түштү. Күйөөсү муну «кокустук» деп билдирди

Автор -

Баткен облусунун Кадамжай шаарында күйөөсү аялына бычак шилтеп жиберген. Учурда жабырлануучу Кадамжай шаарындагы ооруканада, деп билдирет Баткен ОИИБинин басма сөз катчысы.

«Окуя 20-февраль күнү саат 18:00 чамасында орун алган. Анда Кадамжай шаарынын 65 жаштагы тургуну менен аялынын ортосунда пикир келишпестик жаралган. Күйөөсү колундагы иштетип жаткан бычагын кокусунан шилтегенде, аялдын сол жак бөйрөгүнүн үстүнө сайылып кеткен. Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 139-берене (денеге анча эмес оор залал келтирүү) менен катталып, азыркы күндө текшерүү иштери жүргүзүлүп жатат», — дешти маалымат кызматынан.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү