Талас облусунда 14 жаштагы өспүрүм селкинчектен ажал тапты

Автор -
241

Талас облусунда 14 жаштагы өспүрүм селкинчекте ойноп жатып, муунуп каза тапты. Бул тууралуу облустук милициядан журналисттерге билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык 19-февраль күнү түш чендерде Талас районунун Орто-Арык айылында болгон.

«2006-жылы төрөлгөн бала үйдө колго жасалган селкинчекте ойноп жаткан кезде аркандар чаташып калып, баланы муунткан. Кырсык учурунда үйдө башка адам болбогондуктан, 3-топтогу майып бала өз алдынча бошоно албай, дем жетпей каза тапкан», -деп айтылат маалыматта.

Милициядан билдиришкендей, баланын ата-энеси үйүнө келип, жансыз денени табышкан. Милиция чакыртышкан, бирок соттук-медициналык экспертизадан баш тартышкан.

Бөлүшүү