Кореяга кеткен боюнча дайынсыз жоголгон кыргызстандык Орусиянын психиатриялык ооруканасынан табылды. Бул тууралуу КР Акыйкатчысынын аппаратынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Н.К. аттуу жаранды туугандары жана достору издеп башташкан. Айтымдарында, ал Россиянын жарандыгын алып, Кореяга иштеп келүү үчүн кетип, ошол бойдон байланышка чыкпай калган.
КР Акыйкатчысынын өкүлү РФ укук коргоо органдары менен байланышкан. Алар Н.К. Кореядан депортацияланып келгенин, бирок ден соолугунун абалына байланыштуу Приморье крайынын Заречная поселогундагы психиатриялык бейтапканага жаткырылганын айтышкан.
Акыйкатчы аппаратынын өкүлү бейтапканага барып, Н.К. менен жолугушканда, ал Кореяда ден соолугу начарлаганын, бирок кантип Владивостокко келип калганын билбей турганын айткан.
2020-жылдын 20-февралында Акыйкатчы аппаратынын жардамы менен ал ооруканадан чыгарылып, Ош шаарындагы үй-бүлөсүнө жөнөтүлгөн.