Бишкекте 2 милиция кызматкери пара алуу учурунда кармалды

Автор -
310

Бишкекте Биринчи Май РИИБинин милициянын аймактык ыйгарым укуктуу өкүлдөрү пара алуу учурунда колго түшүрүлдү. Алар 7 миң сом алып жатканда кармалганын ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, 19-февраль күнү ИИМдин ички иликтөө кызматына Р.И. аттуу жарандан «майда бейбаштык» фактысы боюнча козголгон ишти оң жагына чечип берүүнү убадалап, бул үчүн 10 миң сом талап кылган милиция кызматкеринин үстүнөн арыз түшкөн.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 326-берене (Опузалап пара алуу) менен катталган. ИИМдин Ички иликтөө кызматы тарабынан пара талап кылууга шектүүнү кармоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлгөн.

«24-февраль күнү ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаарындагы №3 балдар ооруканасынын аймагынан 7 миң сом акча каражатын алуу учурунда Биринчи Май РИИБинин милициянын аймактык ыйгарым укуктуу өкүлдөрү С.С. менен А.А. кармалды», — деп билдирет маалымат катчы.