Көзүнөн айрылган аскердин иши кайра башынан каралмай болду

Автор -

Аскерде кызмат өтөп жүрүп бир көзүнөн айрылган Кубан Молдалиевдин иши Талас райондук сотунда кайра башынан каралмай болду. Бул тууралуу анын укугун коргоп жаткан «Кылым шамы» борборунун жетекчиси Азиза Абдирасуловага таянып, «Азаттык» билдирди.

Абдирасулованын айтымында, бардык күбөлөр суралып, ишти кароо жыйынтыкталып калганда судья алмашып кетти.

Жазык-процессуалдык кодекске ылайык, судья алмашканда иш кайра башынан каралышы керек экенин айткан укук коргоочу Молдалиевдин өзүнө жана ата-энесине Ат-Башыдан Таласка каттоо оор болуп жатканын кошумчалады:

«Мамлекет Молдалиевге карата бир да жоопкерчилигин сезип койгон жок. Иш кайсы судьяга берилет, ал качан таанышып чыгып, иш карала баштайт — али белгисиз. Бизде адам укуктарына каршы иштеген мыйзамдар абдан көп экенине ынанып жатабыз».

2018-жылы жазында армияга чакырылган Кубан Молдалиев Мамлекеттик чек ара кызматынын №2029 аскердик бөлүгүндө кызмат кылып жүрүп ушул эле жылдын 11-июнунда таяк жеген. Ал өзү «Азаттыкка» Иманбеков аттуу сержант автоматтын кундагы менен, темир кур менен сабаганын айткан. Жабыр тарткандан бир айдан кийин госпиталга жеткирилген учурда жоокер Молдалиевдин сол көзү соолуп калганы аныкталган.

2019-жылы 9-февралда «Кылым шамы» уюму жоокердин ата-энеси менен кошо басма сөз жыйынын өткөрүп, Молдалиевдин иши иликтенбей жатканын айтышкан. Алар президентке да кайрылуу жазышкан. Ошол эле күнү Аскердик прокуратура жоокерди сабаганга шектелип жаткан Иманбеков кармалып, соттун чечими менен камакка алынганын кабарлаган.

Кубан Молдалиев — Нарын облусунун Ат-Башы районунун тургуну, бир үйдүн жалгыз уулу.

Бөлүшүү