Бүгүн, 26-февралда Бишкек шаардык сотунда саат 09:30га белгиленген ЖЭБ иши боюнча жактоочулардын апелляциялык даттанууларын кароо процесси жылдырылды. Бул туурасында жактоочу Замир Жоошев журналисттерге билдирди.
Анын айтымында, процессти жылдырууга мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковдун ден соолугунун начарлашы себеп болгон.
Эскерте кетсек, 2019-жылдын 6-декабрында Бишкектин Свердлов райондук соту ЖЭБ иши боюнча чечим чыгарып, Сапар Исаков менен Айбек Калиевди 15 жылга, Салайдин Авазовду 11 жыл 3 айга, Жантөрө Сатыбалдиевди 7,5 жылга кескен. Осмонбек Артыкбаев менен Ольга Лаврова айып пул төлөөгө милдеттендирилген. Калгандары сот залынан бошотулган. Мындай чечимге макул болбогон жактоочулар шаардык сотко арызданышкан. Учурдагы соттук ишке Ирина Воронцова төрагалык кылууда, ал эми соттук коллегияда Нурбек Эсеналиев жана Нурлан Кожомбердиев.