2019-жылдын 7-8-августундагы Кой-Таш окуясы боюнча козголгон кылмыш иш сотко жөнөтүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.
Кылмыш ишинин алкагында 14 кишиге айып тагылды. Алардын катарында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, Фарид Ниязов, Кундуз Жолдубаева, Равшан Жээнбеков, Мээрбеку Мискенбаев, Ирина Карамушкина жана Асел Кодуранова, Канат Сагымбаев жана Фархат Баабиев бар.
Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, аларга Кылмыш-жаза кодексинин 11 беренеси боюнча айып тагылды:
— 39 («Бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу»);
— 355 («Бийлик өкүлдөрүнө күч колдонуу же коркутуу»);
— 337 («Тергөөчүнүн ишине тоскоолдук жаратуу»);
— 244 («Адамдарды барымтага алуу»);
— 264 («Массалык башаламандык»);
— 130 («Киши өлтүрүү»);
— 130 жана 39 («Киши өлтүрүүгө аракет кылуу»);
— 253 («Курал-жаракты мыйзамсыз айлантуу»);
— 257 («Ок атуучу курал-жаракты уурдоо»);
— 338 («Сотко чейинки өндүрүшкө байланыштуу күч колдонуу же коркутуу») беренелери.
Ишти Биринчи май райондук соту карайт.