Борбор калаада жумушсуз жүргөн жарандар акысыз окутулат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгынан кабарлашты.
Окутуунун максаты — калаада каттоосу бар, бирок жумушу жокторго иш табууга жардам берүү. Билим алуу акысыз жүргүзүлөт.
«Жарандар эмгек рыногунда суроо-талап болгон ондогон адистиктер боюнча окутулат. Окутуу 1-4 айга чейин уланып, жеке компанияларда же шаардык кесиптик лицейлеринде өтөт. Стажировкадан өткөндөргө 360 сом өлчөмүндөгү мамлекеттик стипендия төлөнүп, окууну аяктаганда сертификат берилет», — дешти башкармалыктан.
Жумушсуздар окуй турчу адистиктер:
— укалоочу;
— чач тарач, косметолог-визажист, каш татуаждоо, лешмейкер;
— маникюр, педикюр жасоочу, кирпик, каш жасоочу;
— администратор, официант-бармен, ашпозчу;
— компьютерди билген кеңсе менеджери;
— бухгалтердик эсеп + 1С, бухгалтердик билим;
— сатуучу-консультант, кассир;
— «В» жана «С» категориялары боюнча айдоочу;
— чыгыш жана европа ашканасы боюнча ашпозчу;
— кондитер;
— тигүүчү;
— тигүү тармагында слесарь-ремонттоочу;
— автоунаалар боюнча адис;
— токарь-универсал;
— телефон, турмуш-тиричилик техникаларын оңдогон адис;
— ширетүүчү;
— вагон оңдоочу;
— кран – автоунаа машинисти;
— сall-борбордун оператору;
— web-дизайнер.
Мындан сырткары, графикалык редактор, бухгалтерлердин программасы, чет тилдерди жана бизнес, ишкерликтин баштапкы этаптарын үйрөнө алышат.
Кайда кайрылуу керек?
- Ленин районунун жумушсуздарды каттоо бөлүмү. Бөкөнбаев көчөсү, 99. Телефондору: (0312) 30-36-82, 30-36-96;
- Биринчи Май районундагы бөлүмү. Бөкөнбаев көчөсү, 99. Телефондору: 30-37-44, 30-37-48;
- Октябрь районундагы бөлүмү. Токтогул көчөсү, 43. Телефондору: 68-02-04, 43-47-70;
- Свердлов районундагы бөлүмү. Токтогул көчөсү, 43. Телефондору: 68-02-04, 43-47-70;
- Белгилей кетсек, бөлүмдөрдүн бардыгы бир даректе жайгашкан.
Катталуу үчүн керектелүүчү документтер:
— жашаган жеринен справка;
— паспорт;
— эмгек китепчеси;
— кесиптик квалификациясын тастыктаган документтер.
Шаарда каттоосу жок жарандар Бишкек шаарынын иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгынын жаштар саясаты жана ички миграция боюнча бөлүмүнө кайрылса болот.