Бишкекте 4 жашар кызды сүзүп кеткен айдоочу изделүүдө

Автор -

Бишкекте белгисиз айдоочу 4 жаштагы кызды сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Бул тууралуу патрулдук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 25-февралда саат 18:45 чамасында Ибраимов менен Москва көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

«2016-жылы туулган З.Н. аттуу кызды белгисиз унаа сүзүп кеткен. Жабырлануучу 3-балдар ооруканасына жеткирилген. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, учурда тергөө кызматы тарабынан айдоочу изделүүдө», деп билдиришет басма сөз кызматынан.

Бөлүшүү