Коронавирус: Кыргызстанда өтө турган хоккей чемпионаты жылдырылды

Автор -

Шайба менен ойнолчу хоккей боюнча дүйнө чемпионаты коронавирус коркунучунан улам май айына жылдырылды. Бул тууралуу Жаштар иши жана дене тарбия агенттигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, көптөрдүн өмүрүн алган коронавирус жайылып жаткандыктан, жарандардын коопсуздугу үчүн Кыргызстан чемпионаттын убактысын жылдырууну чечти.

Эске салсак, буга чейин чемпионат март айына белгиленген. Оюндардын алдын ала түзүлгөн тизмеги дагы жарыяланган.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү