«Эйр Манас» компаниясы Бишкек-Ош каттамын убактылуу токтотот

Автор -

«Эйр Манас» компаниясы 1-марттан тартып Бишкек-Ош каттамын токтотот. Бул тууралуу Кыргызстандын Жарандык авиация агенттиги кабарлады. Мындай чечим өндүрүштүк муктаждык менен түшүндүрүлгөн. Буга чейин билет сатып алган жүргүнчүлөргө акчасы кайра кайтарылып берилет.

Каттамды убактылуу токтотуунун конкреттүү себептери жана качан ал кайра жанданаары жөнүндө «Эйр Манас» так маалымат бере элек.

«Эйр Манас» түркиялык «Пегасус» компаниясы менен бирге иштеп келген. Былтыр «Пегасус» ишин токтотуп, анын каттамдарын аткарып жүргөн «Эйр Манас» компаниясы мындан ары «Avia Trade» ишканасы менен кызматташары кабарлаган.

Буга чейин учактардагы техникалык маселелерден улам бир нече Бишкек-Ош багытындагы каттам үзгүлтүккө учураган. «Манас» аэропортунун маалыматына караганда Бишкек-Ош каттамы боюнча жүргүнчүлөрдү күн сайын «Эйр Манастан» тышкары «Tez Jet», «Avia Traffic» компаниялары ташыйт.

Бөлүшүү