Тамак жасап жатканда күйөөсү бензин чачып жиберген аял ооруканада каза тапты

Автор -
242

Чүй облусунун Сокулук районунда аялынын өлүмүнө шектелип күйөөсү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, 12-февралда Сокулук РИИБине аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө күйүктөн жаракат алган аял түшкөнү маалымдалган. Жабырлануучу эртеси күнү алган жаракатынан улам каза болгон. Маркум 42 жаштагы М.О. аттуу аял экени аныкталган.

Маалыматта ал окуянын алдында жабырлануучунун күйөөсү үйүнө мас абалында келгени айтылат. Ал жубайынан кечки тамак даярдап берүүсүн сураган.

«Аял электр плитасында тамак жасап жатканда, күйөөсү батыраак бышырып берүүнү талап кыла баштаган. Жинденген эркек желим бөтөлкөдөгү бензинди аялына чачып жиберген. Жабырлануучу тамакты газ плитага бышырмак болуп, аны жандырганда от тутанып, аялды каптап кеткен. Окуянын кесепетинен ал күйүк алып, эртеси ооруканада каза тапты», — деп билдиришет мекемеден.

Кылмышка шектүү катары 46 жаштагы жолдошу М.А. кармалды. Ага «Адам өлтүрүү» беренеси менен иш козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Тийиштүү соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Бөлүшүү