Аялына бензин чачып өлтүрүп алган киши 2 айга камакка алынды

Автор -

Чүй облусунун Сокулук районунда аялын өрттөп өлтүргөнгө шектелип кармалган күйөө 2 айга камакка СИЗО-1ге киргизилди. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Эскерте кетсек, 12-февралда Сокулук РИИБине аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө күйүктөн жаракат алган аял түшкөнү маалымдалган. Жабырлануучу эртеси күнү алган жаракатынан улам каза болгон. Маркум 42 жаштагы М.О. аттуу аял болгон. Анын өлүмүнө шектүү катары 46 жаштагы жолдошу М.А. кармалды. Ага «Адам өлтүрүү» беренеси менен иш козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизген.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Тийиштүү соттук-медициналык экспертиза дайындалганы айтылган.