Бишкекте 16 жаштагы өспүрүмдү сүзүп качкан айдоочу табылды

Автор -

Бишкекте 21-февралда жөө адамды сүзүп, окуя болгон жерден изин жашырып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 2-мартта патрулдук милициянын басма сөз кызматынан кабарлашты, деп жазат Super.kg

Маалыматка караганда, 21-февралда болжол менен саат 16:30 чамасында айдоочу Горький көчөсү менен батыш тарапты көздөй бара жатып, Кара дарыя көчөсүнүн кесилишинен 2004-жылы туулган Д.С. аттуу өспүрүмдү сүзүп кеткен. Окуя болгон жерден айдоочу из жашырган.

Кырсыктын кесепетинен жабырлануучу Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна кайрылган.

Ыкчам издөө иш-чарасынын жүрүшүндө Лексус-570 үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу, 69 жаштагы И.Т. кармалып, Бишкек ШИИББинин жол кырсыктарын тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди. Учурда бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, териштирүү иштери жүрүүдө. 

Бөлүшүү