Бишкек шаарынын мэриясы борбор калаада митинг өткөрүүгө тыюу салуу үчүн сотко кайрылат. Бул туурасында аталган мекеменин басма сөз кызматынан кабарлашты.
«Биз кечээ, 2-мартта өткөн митингди ишкерлердин мүлкүн талкалаган, шаардын мүлкүнө зыян келтирген массалык баш аламандык катары баалайбыз. Чыгымдын жалпы суммасы такталууда. «Ала-Тоо» аянтында өткөн окуядан кийин жана коронавирус эпидемиясын алдын алуу үчүн Бишкек шаарынын мэриясы борбор калаада митинг өткөрүүгө тыюу салуу үчүн сотко кайрылат», — деп айтылат маалыматта.
Мекемеден билдиришкендей, бул иш-аракеттер жарандардын жакшылыгы үчүн эмес, кимдир-бирөөнүн саясий кызыкчылыктары үчүн жасалууда.
Митингдин уюштуруучулары менен сүйлөшүү жүргүзгөндө алар митинг өткөрүп, тынчтык жолу менен таркап кетерин убадалашкан. Бирок иш жүзүндө андай болбой, иш чаранын катышуучуларын милиция кызматкерлеринин жардамы менен кууп таратууга туура келген.






























