2020-жылдын декабрь айында Бишкекте таштанды иштетүүчү завод ачылат. Бул тууралуу бүгүн, 2-мартта Жогорку Кеңештин агрардык саясат, суу ресурстары боюнча комитетинин жыйынында Бишкек шаарынын вице-мэри Мирлан Амантуров билдирди.
Анын айтымында, апрель айында заводдун курулушуна тендер жарыяланат.
«Таштандыны бөлүүчү жана кайра иштетүүчү заводду негизи 2-3 айда куруп койсо болот. Декабрь айына бүтүп калат», — деди ал.
Заводдон сырткары, жаңы таштанды полигону дагы ишке кирет.
«Кайра иштетүүгө жарабаган таштандылар жаңы полигонго жеткирилет. Ага жер казылып, өзүнчө күйүп кетпей тургандай болот», — деди ал.