Бишкектеги митингден кийин 18 милиционер ооруканага кайрылды

Автор -

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Садыр Жапаровду бошотуу талабы менен кечээ, 2-мартта өткөн митингден кийин 18 милиционер ооруканага кайрылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен журналисттерге билдиришти.

Ички иштер кызматкерлери жеңил жаракат алгандыктан ооруканага жаткырылган жок.

Ал эми жай жарандар арасынан көкүрөгүнө желим ок тийген бир кыз кайрылды.

2-мартта Бишкек шаарынын борбордук «Ала-Тоо» аянтында камактагы саясатчы Садыр Жапаровду бошотуу талабы менен уюштурулган митингдин соңунда тараптар кагылышып, милиция митингдин катышуучуларын күч менен таркатып, айрымдарын кармады.