Экс-депутат Каныбек Осмоналиев тергөө абагына киргизилди

Автор -

ЖК мурунку депутаты Каныбек Осмоналиев УКМКнын Тергөө камак жайына киргизилди. Ал бийликти күч менен басып алууга аракеттенүүгө шектелип жатат.  Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Маалыматта 2-мартта Садыр Жапаровдун тарапташтары өткөргөн митингдин активдүү катышуучусу Д.А. аттуу жаран да кармалганы айтылат.

«Алар КР Кылмыш-жаза кодексинин 39- жана 309-беренелери (Бийликти күч менен басып алууга аракеттенүү) боюнча кылмышка шектүү катары КР УКМК Тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тергөө иш-чараларынын жыйынтыгында, аталган адамдарга карата жасалган кылмыш тууралуу билдирме берилип, алардын баш коргоо чарасы каралат.

Сотко чейинки өндүрүш иштери уланууда», -деп билдиришти УКМКдан.