«ПолитКлиника» медиасынын кеңсесин тинтип кетишти

Автор -

Бишкекте 3-мартка караган түнү «ПолитКлиника» онлайн-медиасынын Фрунзе көчөсүндө жайгашкан кеңсесин карактап кетишти. Бул тууралуу басылманын башкы редактору Дилбар Алимова «Фейсбуктагы» баракчасында билдирди.

Анын айтымында, белгисиз кишилер терезедеги темир торду сындырып, ошол аркылуу киришкен. Алар документтерди, кагаздарды чачып, компьютерлердин биринин хард-дискин чыгарып кетишкен.

Алимова кеңсеге киргендер башка баалуу буюмдарды алышпаганын айтып, «алар ууру эмес, башка максаттагы адамдар болушу мүмкүн» экенин белгиледи.

Редакция жамааты факт боюнча Бишкектин Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнө арыз жазды. Милиция кызматкерлери кеңсеге келип, тергөө иштерин жүргүзүүдө.

«ПолитКлиника» 2013-жылдан тартып гезит катары чыгып келген. 2017-жылдан кийин онлайн платформага өткөн.

Бөлүшүү