Бүгүн, 3-мартта Бишкектин Биринчи май райондук сотунда 2019-жылдын 7-8-августундагы Кой-Таш окуялары боюнча кылмыш иштин алгачкы соттук териштирүүсү башталды.
Соттук угууга экс-президент Алмазбек Атамбаев баштаган айыпталуучулардын баарын алып келишти. Сот залына журналисттерди киргизишкен жок. Буга чейин иш боюнча айыпталып жаткандардын бири, депутат Асель Кодуранова угуунун ачык өтүшүнө аракет кылышарын билдирген болчу.
Сотко Марат Сыдыков төрагалык кылып жатат.
Эскерте кетсек, 8-август күнү Кой-Ташта ИИМ жетекчисинин ошол кездеги орун басары Курсан Асанов менен сүйлөшүүлөрдөн кийин мурунку президент Алмазбек Атамбаев колго түшүп берген. Чабуул учурунда атайын кызматтын бир жоокери каза тапкан. Бул фактылар боюнча иш козголуп, Атамбаевдин бир топ тарапташы камакка алынган.