5-марттан 7-мартка чейин Кыргызстандын аймагында аба ырайы өзгөрүлүп турат. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.
Көпчүлүк аймактарда 5-март күнү күндүз жаан жаап, карга айланышы мүмкүн. 6-7-мартта түнкүсүн мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт.
Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаайт. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышат. Жолдор тоңголок, тайгак болуп, тоолуу райондордо кар күрткүсү пайда болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн.
7-8-мартта абанын температурасы төмөндөп, түнкүсүн Чүй өрөөнүндө 2…7 градус суук болушу ыктымал. Чүй облусунун түндүгүндө жана Талас өрөөнүндө 4…9 градус суук, күндүз 1…6 градус жылуу болот.
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -4 градустан +1 градуска чейин, күндүз +6…+11ден тарта тоо этектеринде түнкүсүн -4…-9 градуска чейин төмөндөйт. Күндүз -2 градустан +3 градуска чейин жогорулайт.
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз -3 градустан +2 градуска чейин жылыйт. Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -10…-15, күндүз -1…-6, тоолуу райондордо түнкүсүн -15…-20 градуска чейин төмөндөйт. Ал эми күндүз -3…-8 градус болушу күтүлөт.