Бишкек шаарынын соту Жогорку Кеңештин экс-депутаты Ширин Айтматованын жолдошу Сыргак Кенжебаевди камакта калтырды. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Буга чейин Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен Кенжебаев 2020-жылдын 20-апрелине чейин камакка алынган. Жактоочулар бул чечимди жокко чыгаруу өтүнүчү менен жогорку инстанцияга кайрылышкан болчу.
Сыргак Кенжебаев 20-декабрда Казакстандын Алматы шаарынан кармалып, УКМК Тергөө камак жайына киргизилген. 21-декабрда Кенжебаевке аталган кылмыш жасагандыгы тууралуу билдирме берилип, ошол күнү Бишкектин Биринчи Май райондук соту анын баш коргоо чарасын карап, Бишкек шаарынын 1-Тергөө камак жайына кармоо чечимин чыгарган.
Сыргак Кенжебаев былтыр 19-декабрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) тарабынан Алматы аэропортунда кармалып, Кыргызстанга алып келинген.