Окуучу кызды сүзгөн айдоочу аны ооруканага жеткирбей, орто жолдон түшүрүп салган

Автор -

Борбор калаада эркек киши 16 жаштагы кызды автоунаа менен сүзүп кетип, аны ооруканага алып бара жатып, орто жолдон түшүрүп салган. Бул тууралуу Кайгуул милициясынан кабарлашты, деп жазат Sputnik.kg.

Билдирмеге ылайык, жол кырсыгы 19-февраль күнү 15:30да болгон. Белгисиз айдоочу Гагарин көчөсү менен келе жатып, Купянский көчөсүнөн 16 жаштагы кызды сүзүп алган. Ал кызды ооруканага алып барарын айтып, автоунаасына отургузган. Бир аз айдаган соң кызды жол четине таштап, из жашырып кеткен.

Кыз ооруканага өзү кайрылып, дарыгерлер анын төшү жана тизеси жабыркаганын айтышкан. 4-март күнү кылмышка шектелип Honda Odissey үлгүсүндөгү автоунаанын 32 жаштагы айдоочусу кармалган. Бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 155-беренеси («Жол эрежелерин бузуу») боюнча иш козголгон.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү