Сүлүктүдө шахтадан өрт чыкты

Автор -

Баткен облусунун Сүлүктү шаарында шахтадан өрт чыкты. Кырсыктын кесепетинен жабыркагандар жок, дейт ӨКМнын маалымат кызматынан.

Маалыматка ылайык, 4-мартта Сүлүктү шаарындагы «Узун-Сай» шахтасынан өрт чыккан.

«Окуя болгон жерге 7 куткаруучу тартылып, өрт толугу менен өчүрүлгөн. Ошондой эле шахтадагы газ чыккан жерге тосмо орнотуп беришкен»,- деп кошумчалады аталган мекемеден.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү