Бишкектин борборунда 2020-жылдын 1-июлуна чейин митинг өткөрүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу калаанын Биринчи май райондук сотунан билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, аталган райондук акимиаттын 4-марттагы «Митинг, чогулуштарды, жүрүштөрдү жана башка ар кандай акцияларды өткөрүүнү чектөө жөнүндө» кайрылуусу мыйзамдуу жана негиздүү деп табылды.
Ошондой эле мындай чектөөнүн 21-марттагы Нооруз майрамына жана 9-майдагы Жеңиш күнүнө тиешеси жок. Бул күндөрү башкы аянтка эл көп топтолот.
Буга чейин Бишкек мэриясы 2-марттагы митингди «массалык башаламандык» деп баалаган. Ошондой эле муниципалитет сотко кайрылып, Бишкектин чок ортосунда митинг өткөрүүгө тыюу салуу ниетин билдирген.
Мэриянын мындай билдирүүсүнүн экинчи себеби — коронавирусту алдын алуу болгон.