Жети-Өгүздө 15 жаштагы кызды зордуктаган жаранга өкүм чыкты

Автор -

Жети-Өгүз райондук соту 15 жаштагы кызды зордуктаган жаранга өкүм чыгарды. Бул тууралуу райондун акими Мирлан Ашырбаевге таянып, 24.kg жазып чыкты.

Анын айтымында, 27 жаштагы К.А. кыздын жашы жете электигин билип туруп, айылдын сыртына чакырып чыгып, зордуктаган.

«Тергөөнүн жүрүшүндө К.А.нын күнөөсү толугу менен далилденди. Айыпталуучу кызды «туугандарыңды өлтүрүп коем» деп коркуткан. Ал өзүнүн күнөөсүн мойнуна алып, тергөө менен кызматташууга барды. Экспертиза зордуктоо болгонун тастыктады. Сот К.А.ны 10 жылга эркинен ажыратты», — деп билдирди Мирлан Ашырбаев.

Прокурор жашы жете элек өспүрүмдөрдүн жабыркоо фактысы боюнча ачылган кылмыш иштер тыкыр көзөмөлдө экенин кошумчалады.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү