Бишкектин борборунда митинг өткөрүүгө убактылуу тыюу салынды

Автор -

Бишкектин борборунда 2020-жылдын 1-июлуна чейин митинг өткөрүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу калаанын Биринчи май райондук сотунан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, аталган райондук акимиаттын 4-марттагы «Митинг, чогулуштарды, жүрүштөрдү жана башка ар кандай акцияларды өткөрүүнү чектөө жөнүндө» кайрылуусу мыйзамдуу жана негиздүү деп табылды.

Ошондой эле мындай чектөөнүн 21-марттагы Нооруз майрамына жана 9-майдагы Жеңиш күнүнө тиешеси жок. Бул күндөрү башкы аянтка эл көп топтолот.

Буга чейин Бишкек мэриясы 2-марттагы митингди «массалык башаламандык» деп баалаган. Ошондой эле муниципалитет сотко кайрылып, Бишкектин чок ортосунда митинг өткөрүүгө тыюу салуу ниетин билдирген.

Мэриянын мындай билдирүүсүнүн экинчи себеби — коронавирусту алдын алуу болгон.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү