Бишкектин Биринчи май райсотунда 7-8-августтагы Кой-Таш окуялары боюнча кылмыш ишинин алдын ала соттук угуулары өтүп жатат.
Прокурор Темирбек Бекмамат уулу журналисттерге судья Марат Сыдыков соттук отурумдарды жабык өткөрүү чечимин кабыл алганын билдирди.
«Буга чейин жактоочулар отурумду ачык өткөрүүнү суранышкан, мамлекеттик айыптоочулар буга каршы чыккан эмес, макул болгон. Бирок судья башкача чечим кабыл алды», — деди прокурор.
Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина «Фейсбуктагы» баракчасында судьянын бул чечиминин үстүнөн даттанууга болбой турганын кошумчалады.
Эскерте кетсек, бул иште 14 адам айыпталуучу катары өтүп жатат. Дагы беш адам тергөө менен кызматташууга баргандыктан, алардын иши өзүнчө өндүрүшкө алынган.