Он үч кыргызстандык коронавирус жайылган өлкөдөн келгенин жашырып койгон

Автор -
1634

Коронавирус жайылган өлкөлөрдөн келгенин жашырып койгон кыргызстандыктар аныкталып, карантинге алынды. Бул тууралуу бүгүн, 6-мартта, өткөн маалымат жыйын учурунда Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын орун басары Нурлан Жалбиев билдирди.

Анын айтымына караганда, Кыргызстанга келген 13 жаран коронавирус жайылган өлкөлөрдө, тагыраагы, Кытай, Япония, Түштүк Корея, Иран, Италияда болушканын жашырып коюшкан. Алар жалпы жарандык паспорттун ордуна ID-карталарын көрсөтүшкөн. Бирок кийинчерээк алардын кайсы өлкөлөрдө болгону аныкталып, карантинге алынышты.

Эске салсак, ушул тапта Кыргызстанга Кытай, Иран, Япония, Түштүк Корея жана Италия жарандарынын киришине чектөө коюлган. Бул мамлекеттерден келген кыргыз жарандары эки апталык карантинден өтүүгө милдеттүү.

Соңку маалыматка караганда, коронавируска кабылгандардын саны 95 413 кишиге жетти. Анын 53 257си сакайып кетсе, 3 285 адам көз жумду.