FactCheck порталынын редактору, журналист Болот Темировго кол салуу боюнча Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралчу иш белгисиз мөөнөткө жылдырылды. Бул тууралуу «Азаттыкка» журналист өзү билдирди. Анын маалыматына караганда, 6-мартта саат 09:30га белгиленген сот отуруму болбой калды.
«Сотко шектүүлөр алынып келинген жок деп айтышты. Укканым боюнча саат 10до Кой-Таш окуясы боюнча сот болот. Менин ишимди карачу судья Марат Сыдыков Кой-Таш окуясын да карап жатат. Сот ушундан улам жылдырылды го деп ойлоп жатам», — деди Темиров.
Журналист Темировду сабоо фактысы боюнча шек саналып жаткандар сотко алып келинбегендиктен, сот отуруму жылдырылганын судья Марат Сыдыковдун катчысы билдирди. Кылмыш ишти тергеген Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы шектүүлөрдүн сотко жеткирилбей калышынын себебин айта элек.
Аны сабаган деген шек менен 14-январда Бишкекте төрт киши кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Темировдун сөзүнө караганда, шектүүлөр башта аларга буйрук берген адамдар болгонун айтып, кийин көрсөтмөсүн өзгөртүшкөн. Милиция биринчи берилген көрсөтмөнү да иликтеп жатканын айтууда.