Булак: Түркмөнстанда эки адам коронавируска чалдыкканы маалым болду

Автор -

Түркмөнстандын медицина чөйрөсүндөгү өз булактар өлкөдө кеминде эки адамдын коронавирус жуктуруп алгандыгы аныкталып, учурда алар Ашхабаддын четиндеги ооруканада дарыланып жатышканын билдиришти, деп жазат «Азаттык»

Алардын айтымында, бейтаптарга COVID-19 диагнозу болжол менен он күн мурда коюлган. Азырынча алардын жакында чет өлкөдөн келгендиги же вирусту Түркмөнстанда жуктурганы белгисиз.

Бирок Жугуштуу оорулардын алдын алуу жана дарылоо борборунун кызматкери өлкөдө коронавирус жуктургандар аныкталгандыгы тууралуу маалыматты четке какты.

«Силерге туура эмес маалымат берилген. Эч кандай коронавирус жок. Азыр бизде карантинге алынган бейтаптар бар», — деди ал.

Түркмөнстандын бийлиги быйыл 25-февралда гана коронавирус тууралуу алгачкы жолу айтып, өлкөдө бул вирусту жуктургандар жок экенин билдирген. Ага чейин мамлекеттик ЖМКлар бул темага кайрылбай, коронавирустун дүйнөдө жайылып жаткандыгы тууралуу маалымат бербей келишкен.