Өгөй атасы тарабынан бычакталган баланын абалында жылыш бар

Автор -

Өгөй атасы тарабынан бычакталган баланын абалында жылыш бар. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлиги 3-балдар ооруканасынын дарыгерлеринин маалыматына таянып, билдирди.

Бала дагы деле жандандыруу бөлүмүндө дарыланып жатат.

Эске сала кетсек, 6-мартта Бишкекте эркек киши аялы менен 9 жаштагы баласын бычактап, өзү муунуп өлгөн. Саат 12:00дө милицияга 5-кичирайондо үй-бүлөлүк жаңжал чыгып, үй ээси аялы менен баласына бычак шилтегени кабарланган. Кийин ал баланын өгөй атасы экени маалым болгон. Жерине келген ыкчам топ батирлердин биринен бычактан жаракат алган аялдын жансыз денесин, ал эми жуунуучу бөлмөдөн асынып турган эркек кишинин жансыз денесин табышкан.

«Тез жардам» кызматы 2010-жылы туулган баланы 3-балдар ооруканасына алып кеткен. 6-март күнү кечинде баланы жасалма дем алдыруучу аппараттан чыгарышкан. Ал өз алдынча дем алып, сүйлөп баштаган.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү