Франциянын маданият министри Франк Ристер коронавирустун жаңы түрү −COVID-19 жуктуруп алды. Бул туурасында министрдин канцеляриясына шилтеме менен Франс Пресс агенттиги билдирди, деп жазды РИА Новости.
«Министрден коронавируска карата алынган анализ бүгүн оң чыкты», — деп билдирет агенттик. Маалыматка караганда, учурда Франк Ристер Париждеги өз үйүндө жана абалы жакшы.
Министр өткөн жумада бир нече күнүн Улуттук кеңеште өткөргөн, учурда кеңештин 5 депутатынан коронавирус табылды.
Өлкөнүн саламаттык сактоо башкы дирекциясынын жетекчиси Жером Саломондун маалыматына караганда, дүйшөмбүгө карата Францияда коронавирус жуктургандардын саны 1412 адамга жетип, 25 адам каза тапты.
2019-жылдын 31-декабрында Кытай бийлиги Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна өлкөнүн борбордук бөлүгүндөгү (Хубэй провинциясы) Ухань шаарында белгисиз өпкө оорусу чыкканы тууралуу кабарлаган. Адистер ооруну козгогон эмне экенин таап чыгышкан — бул жаңы коронавирус. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму илдетти эл аралык маанидеги өзгөчө кырдаал деп таанып, ага COVID-19 деген расмий ат ыйгарган.