Бишкекте 20 жаштагы кыз төрт күндөн бери дайынсыз болууда

Автор -
Сүрөт: saat.kg

Бишкекте 20 жаштагы Таласбек кызы Гүлбурак дайынсыз болуп изделүүдө. Ал 7-мартта саат 14:00 чамасында жумуштан чыккан бойдон дайынсыз болуп жатканын Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, 8-мартта Свердлов РИИБине М.Э. аттуу жаран кайрылып, эжеси Таласбек кызы Гүлбуракты издөөгө жардам берүүнү өтүнгөн. Учурда дайынсыз болуп изделип жаткан кыздын жүргөн жери белгисиз болууда.

Таласбек кызы Гүлбурактын бою 158-160 сантиметр, чачтары күрөң, арык. Ошол күнү кийип жүргөн кийимдери: сары түстөгү кышкы күрмө, кара шым, бутунда ак түстөгү спорттук бут кийим.

Эгерде сүрөттөгү жаранды көрүп-билгендер болсо, же анын жүргөн жери тууралуу маалыматыңыз болсо милиция кызматкерлерине кабарлап коюуңуздарды Свердлов РИИБи өтүнөт.

Байланыш номерлери: 0(553) 102-387, 0(703) 222-622, 0(702) 498-888, 0(772) 847-336 же 102.

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү