Талантбек Батыралиев учакта адам өмүрүн куткарды

Автор -

«Түрк аба жолдору» компаниясы кардиолог, мурдагы саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиевге ыраазычылык билдирди, деп жазат «Азаттык». Буга 16-январда Бишкек-Стамбул каттамында дарыгер учакта өзүн жаман сезип, кан басымы жогорулап кеткен 60 жаштардагы аялды куткарганы себеп болгон.

«Түрк аба жолдору» компаниясы дарыгерге: «Биздин жүргүнчүнүн абалына кайдыгер калбай, ага убагында медициналык жардам көрсөтүп, учактын экипажын колдогонуңуз үчүн ыраазычылык билдиребиз. Сиздин өз ыктыярыңыз менен адам өмүрүн куткарууга жасаган аракетиңиз биз үчүн маанилүү», — деген кат жиберди. Батыралиевдин айтымында жашы 60тан өткөн аял жүргүнчү учак көтөрүлгөндөн эки саат өтпөй өзүн жаман сезип, буту-колу тырышып, сүйлөй албай калган. Анын кан басымы көтөрүлүп кеткени билинген. Дарыгер тийиштүү медициналык жардам көрсөткөндөн кийин аял өзүнө келген. Догдур мындай опурталуу учурда учактын экипажынын даярдыгы да мыкты экенин белгиледи.

Талантбек Батыралиев Бүткүл союздук кардиология илим борборунун аспирантурасын бүтүргөн. Кыргызстан кардиология илим изилдөө институтунда илимий кызматкер. Англия менен Түркияда иштеп, бир нече жыл Кыргызстандын саламаттык сактоо министри болуп турган.

Бөлүшүү