Коронавирус: Кытай Италияга дарыгер жиберүүгө даяр

Автор -
232

Тышкы иштер министри Ван И бул тууралуу 11-мартта Италиянын тышкы иштер министри Луиджи Ди Майо менен телефон аркылуу сүйлөшүү учурунда билдирди. Ван И мындан тышкары Италияга керектүү дары-дармек, медициналык жабдууларды жиберүүгө да даяр экенин айткан.

«Эпидемия чек араны билбейт, ал жалпы адамзаттын душманы жана эл аралык коомчулуктан бирдиктүү чара күтөт» — деди кытайлык дипломат.
Бир күн мурда Италияга дарыгерлерди жөнөтүүнү менен Кытайдын Кызыл чырым коому сунуштаган. Уюмдун маалыматына караганда, ушул тапта кытайлык дарыгерлер Иранда иштеп жатышат.

11-мартка карата берилген маалыматтарга ылайык, Италияда коронавирустан 631 адам көз жумду. 10 миңден ашуун киши вирусту жуктурган. Иранда сегиз миңден ашуун адам илдетке чалдыгып, 291 адам өлгөнү расмий кабарланды. Учурда өлкө коронавирустун экинчи очогуна айланды.