Мамкаттоо: Бомба тууралуу жалган маалымат тараткан жаран бизде иштебейт

Автор -
235

Бүгүн, 11-мартта Ош облусунун Кара-Суу районундагы РЭСке бомба коюлганы деген жалган маалыматты тараткан адам кармалган. УКМКнын маалымат кызматы ал жаран Кара-Суу районуна караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын картография бөлүмүнүн башкы адиси экенин кабарлаган.

Мамлекеттик каттоо кызматы бул маалыматты четке какты.

«УКМКнын басма сөз кызматынын билдирүүсүндөгү «Кара-Суу районуна караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын картография бөлүмүнүн башкы адиси экендиги аныкталды» деген маалымат чындыкка дал келбейт. Жалган маалымат тараткан адамдын Мамлекеттик каттоо кызматына тиешеси жок. Маалыматта айтылган картография бөлүмү, тагыраагы, жер кыймылсыз мүлк боюнча бөлүмдөр өкмөткө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттикке караштуу», — деп айтылат маалыматта.

Бөлүшүү