Он эки жаштагы кызды зордуктоого аракет кылган жаран эки айга камалды

Автор -

Ысык-Көлдө 51 жаштагы жаран мас абалында 4-класста окуган кызды зордуктоого аракет кылган. Окуя 5-мартта болжол менен саат 14:00дө Кашат айылында орун алганын Ысык-Көл ОИИБинин маалымат катчысы билдирди.

«Кашат айылынын 51 жаштагы тургуну мас абалында кошунасынын үйүнө келип, 12 жаштагы кызды зордуктоого аракет кылган. Бул учурда кыздын атасы көрүп калып, аны токтоткон. Айыл тургундары зордуктоого аракет кылган жаранды таш бараңга алып баштаганда айыл аксакалдары токтотуп калышкан.

7-мартта өспүрүмдүн апасы укук коргоо органдарына арыз менен кайрылып, бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 39-161-беренелери (зордуктоого аракет кылуу) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Учурда тергөө иштери улантылып жатат», — дейт маалымат катчы.

Ысык-Көл райондук соту тарабынан кармалган жаран 2 айга камакка алынып, Каракол шаардык тергөө абагына киргизилди.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү