Өзгөндө Украина жаранын шахта басып калды

Автор -

Ош облусунун Өзгөн районундагы көмүр кени чыгуучу жайдан 41 жаштагы Украина жараны каза болуп, дагы бир чет элдик жаран жаракат алды. Бул тууралуу райондук ИИБдин маалымат кызматынан билдиришти.

Басма сөз кызматы билдиргендей, Өзгөн районундагы Беш-Терек жайлоосундагы көмүр кенин казуучу жайдан, айылдагы  Салам-Алик башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнө окуя тууралуу маалымат келип түшкөн.

«Түшүндүрмөгө ылайык, 2019-жылдын сентябрь айында ЖЧК «Сай-Аска» тарабынан геологиялык чалгындоо жүргөн. Буга ылайык алар Украинадан 21 адис  чакырышкан. Алар алгач шахтанын тирөөлөрүн уратууну көздөшкөн, тилекке каршы 41 жаштагы М.Е. аттуу жаран шахтанын алдында калып көз жумган, ал эми 43 жаштагы Б.И. бутун сындырып алган», -деп айтылат маалыматта.

Учурда факт боюнча экспертизалык изилдөө жана тергөө иштери жүрүп жатат. Ал эми жабырлануучу Өзгөн райондук бейтапканада дарыланууда.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү