Мектептерди бир айга жабуу сунушталды

Автор -

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов коронавирустун жайылып кетүүсүнүн алдын алуу үчүн республика боюнча билим берүү мекемелерин 1 айга жабууну сунуштады. Бул тууралуу ал Парламенттин бүгүнкү отурумунда айтты.

Депутат эпидемиянын дүйнө жүзүнө жайылып жатканын, ага карата чаралар боюнча мисалдарды келтирип, коронавируска карата күрөштү күчөтүүнү айтты.

— Коронавируска карата чараларды күчөтүү үчүн 15-марттан 15-апрелге чейин билим берүү тармагындагы бардык мекемелерди, мектеп жана жогорку окуу жайларын жабууну сунуш кылат элем. Бул аралыкта окубай калган программаларды июнь айына чейин узартып койсо болот, — деди депутат.