Ошто 50 миң сом пара алып жаткан жеринен сот аткаруучу кармалды

Автор -

Ошто 50 миң сом пара алып жаткан жеринен сот аткаруучу кармалды. Бул туурасында ИИМден билдиришти.

Маалыматка караганда, ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын Аймактар аралык башкармалыгына 30 жаштагы А.Б. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Арызда Ош облусунун райондук сотунун сот  аткаруучусу алиментке байланыштуу маселени чечип берем деп 50 000 сом  акча каражатын талап кылып жаткандыгы жана ага карата тиешелүү чараларды  көрүп берүүлөрүн суранган.

Аталган факты боюнча топтолгон материал  КЖБРге катталып, ИИМдин Тергөө кызматы (Ош шаары) тарабынанЖазык кодексинин 326-беренесинин (опузалап пара алуу)  негизинде сотко чейинки өндүрүш башталган.

10-март күнү райондук соттун  сот аткаруучу кызматкери талап кылган акча каражатын накталай алып  жаткан жеринен кармалган. Анын иш бөлмөсүн тинтүү учурунда башында  белгиленген 50 000 сом акча каражаты табылган. Азыркы учурда сотко  чейинки өндүрүш уланууда.

Бөлүшүү