Бишкекте Биринчи май районунун судьясы кармалды

Автор -

Бишкекте Биринчи май райондук сотунун О.М. аттуу судьясы кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынан (Финпол) кабарлашты.

Маалыматка караганда, судья бүгүн колго түшкөн. Ал 2 миң доллар пара алууга шектелип жатат.

Башка маалыматтар азырынча айтыла элек.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү