ТИМ «коронавирустан улам 2-кабаттан боюн таштаган кыргыз кызы» тууралуу билдирүү жасады

Автор -
775

Кыргызстандын Пекиндеги элчилиги соцтармактарда тарап жаткан «коронавирус жуктуруп алганы үчүн экинчи кабаттан боюн таштап, белинен жаракат алган» кыргыз кызы тууралуу маалыматка байланыштуу билдирүү жасады.

Билдирүүдө 2020-жылдын 6-мартында саат 09:20дө Кытайдын Иу шаарындагы медициналык жайына ар кандай жаракаттар менен кыргызстандык кыз кайрылып, жаткырылганы айтылат. Бирок мекеме бул окуянын коронавирус менен байланышы жок экенин билдирет.  24 жаштагы  З.А. экинчи кабаттын ачык турган балконунан этиятсыздыктан кулап кеткен.

«Медициналык жайдын жетекчилигинин маалыматына караганда, кыргызстандык кызды мекенине алып келүү сунушталбайт, анткени, бул анын ден соолугунун абалына жана кийин калыбына келишине терс таасирин бериши мүмкүн. Учурда ал күнү-түнү дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, бардык медициналык жардамды алып жатат», -деп айтылат маалыматта.

Элчилик аталган жаранга колдон келген жардамды берүү маселесинде жана анын дарылануусуна акча табуу максатында Кытайдын мамлекеттик жана жергиликтүү органдары менен байланышып жатканы айтылат.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү